Нарында 200 үй-бүлөгө ун, өсүмдүк майы жана башка азыктар берилди
Нарын шаарында социалдык жактан камсыздоо, эмгек жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган 200 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жардам Катар кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлдү. Таратылган азык-түлүк баштыгында ун, май жана күнүмдүк керектелүүчү башка азыктар бар.
Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева кайрымдуулук фондуна үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган долбоору үчүн ыраазычылык билдирди.

