Адылбек Касымалиев Таласта курулуп жаткан объектилердин абалы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Таласта курулуп жаткан объектилердин абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасы “Айтматов Ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул комплекс дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачыл мурасына арналган заманбап маданий-мемориалдык жай катары түзүлүүдө.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктундагы капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгын карап чыкты. МинКаб төрагасына аталган жайда жүргүзүлгөн инфраструктураны жаңылоо иштери тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас шаарындагы “Баластан” оюн-зоок борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып, долбоорду ишке ашыруунун келечегин карап чыкты. Комплекс жалпысынан 6,5 гектар аянтты ээлейт. Долбоор тогуз имаратты камтыйт жана эс алуу менен көңүл ачуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүү караштырылган.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Талас шаарындагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун иши менен таанышты. Бул ишканалардын иши аймактагы курулуш долбоорлорун ишке ашырууда зарыл материалдар менен камсыздоодо маанилүү роль ойноору жана аймактын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө салым кошору белгиленди. 

Объекттерге баргандан кийин Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттөрүн сактоо, жумуштун сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жана объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өтө маанилүү. Социалдык объекттерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландаштырылууда.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол