Альпинистке Ленин чокусуна чыгар алдында 2,5 млн сомдук полис берилген

Альпинистке Ленин чокусуна чыгар алдында 2,5 млн сомдук полис берилген

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму альпинист жана блогер Дамира Шарипбековага Ленин чокусуна чыгуу алдында 2,5 млн сомдук камсыздандыруу полисин тапшырган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дамира Шарипбекова деңиз деңгээлинен 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна 20-июлда чыгып, ийгиликтүү кайтты.

Белгиленгендей, Дамира Шарипбекова — Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан альпинизм багыты боюнча полис алган биринчи айым.

Белгилей кетсек, Дамира буга чейин агасына боорунун 70% донор катары берген. Операциядан кийин ден соолугун калыбына келтирип, кайрадан альпинизмге кайтып келип, Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бирине чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

23-июлда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Түндүк –Түштүк альтернативдик унаа жолундагы коопсуздук маселелерин тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен жеринде карады. Нарын облустук админстрациянын маалыматына караганда, иш сапардын жүрүшүндө Жумгал, Дыйкан жана Байзак айылдары аркылуу өткөн жол тилкесине жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандарга 65 млн сом айып пул салынды

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандарга 65 млн сом айып пул салынды

Миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргызстанда 450дөн ашуун чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим сот тарабынан кабыл алынган. Мындан тышкары, 7900дөн ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысынан 65 миллион сом айып пул салынды. Ошондой эле 39

Ошто курулуп жаткан мектептер текшерилди

Ошто курулуп жаткан мектептер текшерилди

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчисинин орун басары Мирлан Бузурманкулов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Алымкулов Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, текшерүү жүргүзүштү. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө курулуштун сапаты,

Нөшөрлүү жаан-чачындан улам 26–27-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Нөшөрлүү жаан-чачындан улам 26–27-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматы 26–27-июлга карата шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүү коркунучу бар. Буга байланыштуу жарандарга кооптуу аймактарда этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталды. Тиешелүү кызматтарга кырдаалга даяр болуу