Балыкчыда чет өлкөлүктөргө жумуш берген ишкерлер менен жолугушуу өттү

Балыкчыда чет өлкөлүктөргө жумуш берген ишкерлер менен жолугушуу өттү

Балыкчы шаардык мэриясы УКМКнын шаардык бөлүмү менен биргеликте чет элдик жумушчу күчүн пайдаланган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, жолугушууда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби жана өлкө мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле чет элдик жумушчу күчүн пайдаланган ишкерлерге эмгек жана миграция мыйзамдарын сактоо зарылдыгы эскертилди.

Мэриядан билдиришкендей, шаар аймагында коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча түшүндүрүү жана көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жүн иштетүүчү ишкана жылына 400 тоннага жакын чийки зат сатып алат

Бишкектеги жүн иштетүүчү ишкана жылына 400 тоннага жакын чийки зат сатып алат

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкектеги "Wool KG" жүн иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ишкана жергиликтүү жүндү кабыл алып, жууп, кайра иштетүү жана тарак жүнүн өндүрүү менен алектенет. Учурда компания Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы

Германияда жумушсуз калган 50 кыз ишке орношту

Германияда жумушсуз калган 50 кыз ишке орношту

23-июлда Кыргызстандын жарандарын Ferienjob программасы аркылуу Германия Федеративдүү Республикасына Samara Academy окуу борбору жөнөткөнүнө байланыштуу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири коомдук талкуу жаратты. Айрым маалыматтарда жарандардын бир бөлүгү жумушсуз жана турак жайсыз калып, оор абалга туш болгону айтылган. Буга байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу

Милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Ички иштер министрлигинде милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды. ИИМдин маалыматына ылайык, жаңы унаалар кызматкерлердин ыкчам иш алып баруусун жакшыртуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана алдын алуу иштерин күчөтүү максатында берилди. Заманбап автоунаалар өкүлдөргө кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткарууга, окуя болгон жерге тез жетүүгө жана

Соң-Көлдөн 300 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 300 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылды

Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнөн 300 метрден ашык мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, торлор балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкталган. Алар белгиленген тартипте алынып, жок кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү. Милиция жарандарды жаратылышты коргоого