Баткенде сел жүрүп, лагердеги 30 окуучу куткарылды

Баткенде сел жүрүп, лагердеги 30 окуучу куткарылды

23-июлда саат 18:30 чамасында Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел суулары унаа жолдоруна, турак үйлөргө, короо-жайларга жана административдик имараттарга зыян келтирип, айрым унаа жолдорунда каттам убактылуу токтотулду. Ошондой эле кээ бир аймактарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилигинде облустун жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам кеңешмеси өткөрүлдү.

Жыйында сел катталган аймактардагы кырдаал боюнча маалыматтар угулуп, кесепеттерди жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.

Биринчи кезекте Баткен районунун Алтын-Бешик балдардын эс алуу лагериндеги 30 окуучуну эвакуациялоо тапшырмасы берилди. Балдар учурда коопсуз жайда.

Учурда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында облустун жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media