Баткендеги курулуп жаткан объекттер текшерилди

Баткендеги курулуп жаткан объекттер текшерилди

Министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчисинин орун басары Мирлан Бузурманкулов Баткен районунда курулуп жаткан бир катар социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапаты, аткарылып жаткан жумуштардын жүрүшү жана бекитилген графиктин аткарылышы текшерилди.

Тактап айтканда, төмөнкү объекттер каралды:

Кадамжай районунун Айырбас айылындагы 500 орундуу жаңы мектеп;

Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу жаңы мектеп;

Баткен районунун Жаңы-Достук айылындагы 225 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАП.

Айырбас айылындагы 500 орундуу мектептин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган.

Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, эмеректерди орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Объекттин жалпы наркы 157 миллион сомду түзөт.

Ал эми Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин акыркы этаптары аткарылууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле Жаңы-Достук айылында 225 орундуу мектептин, 100 орундуу бала бакчанын жана ФАП курулушу уланууда.

Аталган долбоорлор аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, калкты сапаттуу социалдык кызматтар менен камсыз кылууга жана балдардын коопсуз, заманбап шартта билим алуусуна өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media