Чүй дарыясынын жээги бекемделүүдө

Чүй дарыясынын жээги бекемделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы Чүй дарыясынын жээгинде жүргүзүлүп жаткан жээк бекемдөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр аткарылып жаткан жумуштардын сапатын, курулуштун жүрүшүн жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын текшерип, жооптуу кызматтарга иштерди өз убагында жана талаптагыдай сапатта бүтүрүүнү тапшырды.

2026-жылдын башында Чүй дарыясынын 4 тилкесинде жалпы узундугу 1720 метр болгон жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү пландалган. Кийинчерээк өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде узундугу 5500 метрди түзгөн дагы 5 тилке кошумча планга киргизилген. Натыйжада, быйыл жалпы узундугу 7220 метрди түзгөн 9 тилкеде жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү каралган.

Бүгүнкү күндө пландалган 1720 метр узундуктагы 4 тилкеде жээк бекемдөө иштери толугу менен аяктап, учурда 5500 метрди түзгөн 5 тилкеде курулуш иштери белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Чу дарыясынын 4 тилкесинде жалпы узундугу 3052 метр болгон жээк бекемдөө иштери аткарылган.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media