Германияда жумушсуз калган 50 кыз ишке орношту

Германияда жумушсуз калган 50 кыз ишке орношту

23-июлда Кыргызстандын жарандарын Ferienjob программасы аркылуу Германия Федеративдүү Республикасына Samara Academy окуу борбору жөнөткөнүнө байланыштуу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири коомдук талкуу жаратты. Айрым маалыматтарда жарандардын бир бөлүгү жумушсуз жана турак жайсыз калып, оор абалга туш болгону айтылган.

Буга байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ыкчам түрдө маалыматтарды текшерүүнү уюштуруп, Кыргызстандын жарандары, Samara Academy компаниясынын жетекчилиги жана иш берүүчү Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер менен байланыш түздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, 20-июлда иш берүүчү ESN компаниясынан түшкөн буйрутмалардын көлөмү олуттуу кыскаргандыгы тууралуу билдирүү алгандыктан, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Кыргызстандын 130 жараны менен эмгек мамилелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынганы аныкталды. Бул чечим биздин жарандардын кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттерине байланыштуу эмес. Ишке орноштурууну уюштуруу боюнча түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишимине ылайык, жумуштун мөөнөтү 28ден 90 календардык күнгө чейин белгиленет. Ошол эле учурда иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн бир тараптуу тартипте 28 календардык күнгө чейин кыскартууга укуктуу. Ушуга байланыштуу келишимдин шарттары бузулгандыгы тууралуу маалыматтар тастыкталган жок.

Аталган программа боюнча Германияга жөнөтүлгөн Кыргызстандын 130 жаранынын ичинен 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында жүрөт, калгандары болсо буга чейин жумушка орношкон же Германиянын башка аймактарына ишке орношуу үчүн кетишкен же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media