Мамлекеттик күзөт кызматкеринин өлүмүнө шектүү адамдар кармалды

Мамлекеттик күзөт кызматкеринин өлүмүнө шектүү адамдар кармалды

Каза болгон Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерин сабоого шектелген беш адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун №1 реанимация бөлүмүнөн 2003-жылы туулган Ж.Т. аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Свердлов РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркум Мамлекеттик күзөт кызматында күзөтчү болуп иштеп келгени аныкталган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, 29-июнда саат болжол менен 07:40та кызматтык сапта турган учурда күтүүсүздөн эсин жоготуп, жерге кулап түшкөн. Ага дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, кызматтык автоунаа менен Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Бирок көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Маркумдун сөөгүнө жүргүзүлгөн сырткы кароодо денесинде көзгө көрүнгөн оор жаракаттар аныкталган эмес. Ошол эле учурда көкүрөк тушунда көгөргөн жана сыйрылган издер катталып, алардын келип чыгуу жагдайларын тактоо максатында тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, материалдар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Ал эми 22-июлда Ак-Суу РИИБине Жети-Өгүз районунун 1992-жылы туулган тургуну З.Б. арыз менен кайрылган. Арызда 2026-жылдын 11-июнунан 12-июнуна караган түнү анын бир тууган иниси Ж.Т. Ак-Суу районундагы айылдардын биринде сүйлөшкөн кызына барганда белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, денесинен жаракат алгандыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле арызда Ж.Т. бул окуя тууралуу эч кимге билдирбестен Бишкек шаарына жумушка кеткендиги жана 2026-жылдын 29-июнунда каза болгондугу маалымдалган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, күбөлөр суракка алынган. Жүргүзүлгөн сотко чейинки иш-чараларынын натыйжасында окуяга тиешеси бар адамдардын өздүктөрү аныкталып, алар Ак-Суу районунун тургундары Ч.С., Д.Н., С.Н., Б.А. жана И.А. экени такталган. 

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары уланууда

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media