Милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
Ички иштер министрлигинде милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.
ИИМдин маалыматына ылайык, жаңы унаалар кызматкерлердин ыкчам иш алып баруусун жакшыртуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана алдын алуу иштерин күчөтүү максатында берилди.
Заманбап автоунаалар өкүлдөргө кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткарууга, окуя болгон жерге тез жетүүгө жана калк менен иштөөнү жакшыртууга шарт түзөрү белгиленди.
Иш-чара Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгынын алдында өттү. Ага ИИМдин жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.


