Ноокатта 850 млн сомго канал курулууда
Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн Каримберди чөлкөмүндө жалпы сметалык баасы 850 млн сомду түзгөн узундугу 16 км болгон Каримберди каналы курулууда. Бул тууралуу Нокат райондук админстрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, канал курулуп бүткөндөн кийин жалпы 1000 га жакын жер аянты туруктуу суу менен камсыз болот. Аталган долбоор толугу менен республикадык бюджеттен каржыланууда.Андан сырткары 380 га жер аянтына тамчылатып суугаруу системасын орнотуу үчүн 35 млн сомго тиешелүү түтүктөр сатылып алынды.
Учурда мандаждоо иштери башталуу алдында турат. Бул жер аянтына көп жылдык мөмөлүү бак-дарактар олтургузулуп, органикалык мөмө- жемиш өндүрүлүп, экспортко чыгаруу пландалган. Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 75 млн сомду түзөт.