Нөшөрлүү жаан-чачындан улам 26–27-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Нөшөрлүү жаан-чачындан улам 26–27-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматы 26–27-июлга карата шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүү коркунучу бар.

Буга байланыштуу жарандарга кооптуу аймактарда этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталды.

Тиешелүү кызматтарга кырдаалга даяр болуу жана зарыл чараларды көрүү эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандарга 65 млн сом айып пул салынды

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандарга 65 млн сом айып пул салынды

Миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргызстанда 450дөн ашуун чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим сот тарабынан кабыл алынган. Мындан тышкары, 7900дөн ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысынан 65 миллион сом айып пул салынды. Ошондой эле 39

Ошто курулуп жаткан мектептер текшерилди

Ошто курулуп жаткан мектептер текшерилди

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчисинин орун басары Мирлан Бузурманкулов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Алымкулов Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, текшерүү жүргүзүштү. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө курулуштун сапаты,

Альпинистке Ленин чокусуна чыгар алдында 2,5 млн сомдук полис берилген

Альпинистке Ленин чокусуна чыгар алдында 2,5 млн сомдук полис берилген

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму альпинист жана блогер Дамира Шарипбековага Ленин чокусуна чыгуу алдында 2,5 млн сомдук камсыздандыруу полисин тапшырган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Дамира Шарипбекова деңиз деңгээлинен 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна 20-июлда чыгып, ийгиликтүү кайтты. Белгиленгендей, Дамира Шарипбекова — Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан альпинизм багыты боюнча полис

Кыргызстанда "Бала Береке" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда "Бала Береке" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү сунушталууда

Министрлер Кабинети коомдук талкууга "Бала Береке" мамлекеттик балдар депозити жөнүндө жобонун долбоорун чыгарды. Ага ылайык, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу эне каза болуп калса, "Бала Береке" бир жолку төлөмүн ала албай калган учурда, анын 18 жашка чыга элек балдарынын ар биринин атына мамлекеттик