Соң-Көлдөн 300 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылды
Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнөн 300 метрден ашык мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, торлор балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкталган. Алар белгиленген тартипте алынып, жок кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү.
Милиция жарандарды жаратылышты коргоого жана балык уулоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырды.