Таласта ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Таласта ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Табинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулган үйлөрдүн ачкычтарын Талас шаарынын тургундарына тапшыруу аземине катышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, жалпы 11 блоктон турган “Тынчтык Ордо” турак жай комплекси 319 батирлүү. 

Адылбек Касымалиев мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан жарандарды жаңы үйлүү болушу менен куттуктап, аларга бакыт, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк жылуулук каалады.

“Бул жаңы үйлөрдүн босогосун аттоо менен сиздер жашооңуздардын жаңы барагын – жаңы мүмкүнчүлүктөр менен үмүттөргө толгон мезгилди баштайсыздар. Өз үйүнө ээ болгон ар бир үй-бүлө өлкөбүздүн туруктуулугун жана бакубатчылыгын чыңдоого салым кошот. Турак жайга болгон муктаждыкты чечүү –мамлекеттин өз жарандары алдындагы эң маанилүү социалдык милдеттеринин бири. Президент Садыр Жапаровдун демилгесинин аркасында акыркы жылдары өлкөбүздүн турак жай саясатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Көптөр бир кезде ипотека байлар үчүн гана жеткиликтүү деп эсептешкен болсо, бүгүнкү күндөгү мамлекеттик саясат башка принциптерге негизделген. Жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытына айланды. Ар бир эмгекчил жаранга өз үйүн сатып алууга мүмкүндүк берген шарттарды түзүү биздин негизги максаттарыбыздын бири”, - деди ал.

Министрлер Кабинетинин төрагасы турак жай курулушун өнүктүрүү мындан ары борбор калаа жана ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып, аймактардын комплекстүү өнүгүүсүнө гана эмес, ошондой эле тең салмактуу ички урбанизацияга да өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media