Токтогул шаарына 5,7 млн сомго бааланган техникалар тапшырылды

Токтогул шаарына 5,7 млн сомго бааланган техникалар тапшырылды

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык “Ыңгайлуу шарт” ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча дагы бир маанилүү долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Токтогул шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарына көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу, шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалыкты камсыздоо максатында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен жалпы суммасы 5 721 000 сомду түзгөн долбоор каржыланды. 

Долбоор президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин колдоосу менен ийгиликтүү жүзөгө ашып, анын алкагында муниципалдык ишкана төмөнкү техникалар жана жабдуулар менен камсыз болду:

2 даана электромобилдик техника;

2 даана өзү көтөрүүчү “Желмаян” үлгүсүндөгү техника;

1 даана кар сүрүүчү жана коммуналдык көчө тазалоочу техника;

100 даана таштанды челеги;

15 даана таштанды челектери үчүн чатырча;

4 даана чөп чапкыч.

Алынган техникалар жана жабдуулар муниципалдык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга, шаарды көрктөндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүүгө, санитардык тазалыкты камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media