Жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алуу жеңилдеди

Жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алуу жеңилдеди

Жеке ишкерлерге мурда кагаз түрүндө берилген мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр санариптештирилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эми ишкерлер документти электрондук түрдө салык төлөөчүнүн кабинетинен каалаган убакта өз алдынча жүктөп ала алышат. Күбөлүк жоголгон учурда аны кайра калыбына келтирүү үчүн кошумча жарыя берүү талап кылынбайт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, жаңы мүмкүнчүлүк ишкерлердин убакытын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүүгө жана санариптик тармакты өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды