Талас облусунун 82 жылдыгы белгиленди

Талас облусунун 82 жылдыгы белгиленди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты. Аймактын тургундарына кайрылуусунда Министрлер Кабинетинин төрагасы облустун тарыхый маанисин белгилеп, Талас ар дайым ынтымактын, тынчтыктын жана жакшы коңшулуктун мекени болгонун, ар түрдүү элдердин жана маданияттардын өкүлдөрүнө урмат көрсөтүү салттары ушул жерде калыптанганын баса белгиледи. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти.

“Кыргыз эли байыртадан бери эр жүрөк жана баатыр эл. Талас – Манастын, Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Чыңгыз Айтматовдун жери. Бул – Кыргызстанды эрдиги, таланты жана эмгеги менен даңктаган көрүнүктүү инсандарды тарбиялаган ыйык жер”, - деп белгиледи ал жана облуска мындан ары да өнүгүү, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. 

Министрлер Кабинетинин төрагасы акыркы жылдары президенттин колдоосу менен Талас облусунда социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык чөйрөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. 

Бир катар объектилер Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата быйылкы жылы пайдаланууга берилет. Талас районунда “Манас Ордо” тарыхый-маданий комплекси толук кайра курулууда. Айтматов районунда “Айтматов Ааламы” маданий-мемориалдык комплексин куруу боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз эл аралык автомобиль жолун реконструкциялоонун стратегиялык мааниси жана курулган "Бала-Саруу" чакан ГЭСи өзгөчө белгиленди. 

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин төрагасы быйылкы жылдын 11-12-сентябрында Талас шаарында өтүүчү эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media