Таласта 165 млн сомго сейил бак курулду

Таласта 165 млн сомго сейил бак курулду

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук сейил бактын ачылыш аземине катышып, бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Талас шаарынын тургундарын жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, мамлекет шаарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом бөлгөнүн жана учурда облуста социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуп жатканын белгиледи.

“Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептер, ооруканалар, жолдор, стадиондор, аэропорттор жана сейил бактар курулууда. Бул – президент жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясаттын натыйжасы. Бул саясаттын негизги максаты — өз элине кызмат кылган мамлекетти куруу. Курулган ар бир мектеп – билим берүүгө салынган инвестиция; ар бир жаңы оорукана –адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө болгон камкордуктун белгиси; салынган ар бир жол – маанилүү экономикалык артерия; ал эми ар бир сейил бак – улуттун жашоо сапатына, ден соолугуна жана келечегине салынган салым. Бул сейил бак жалпы суммасы 165 миллион сомду түзгөн бюджеттик каражаттын эсебинен курулду. Анда заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анын чыныгы баалуулугу мына ушул жерде – балдардын күлкүсү жаңырып, жаштар кыял-максаттарын ишке ашырып, үй-бүлөлөр бактысын бекемдеп, ал эми улуу муун батасын берип тураарында жатат", – деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин төрагасы тиешелүү мекемелердин жетекчилерине социалдык объекттердин курулушун сапат талаптарына жана заманбап стандарттарга ылайык келтирүү менен, белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media