Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагында суу сактагычты куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен коомдук талкуу өткөрүлдү.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева, Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айыл активи жана тургундар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндөминистрдин орун басары Алмаз Жээналиев суу сактагычтын долбоору, анын аймак үчүн мааниси жана күтүлүп жаткан жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, долбоор ишке ашырылгандан кийин 1 500 гектар сугат жер үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз болуп, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Учурда министр Эрлист Акунбековдун тапшырмасынын негизинде суу сактагычтын долбоорлоо иштерине 19,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, “Кыргызсуудолбоор”ААК тарабынан долбоорлоо иштери башталды. Долбоор даяр болгондон кийин курулуш иштери жүргүзүлөт.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар суу сактагычты куруунун зарылдыгын белгилешип, тиешелүү протокол кабыл алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media