Бишкектеги "Кырман" конушунда дээрлик 8 чакырым көчө жарыктандырылды
Бишкек шаарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын коопсуздугун камсыздоо программасынын алкагында "Кырман" конушунда тышкы жарыктандыруу тармагын куруу боюнча масштабдуу иштер аяктады.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында 7 чакырым 915 метр көчөгө 124 энергияны үнөмдөөчү LED чырак жана 197 көчө чырагы орнотулуп, пайдаланууга берилди.
Заманбап LED жарыктандыруу системасы көчөлөрдү караңгы убакта сапаттуу жарыктандыруу менен катар электр энергиясын үнөмдөөгө да мүмкүндүк берет.
Долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун жогорулатып, "Кырман" конушунун тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүгө багытталган.