Майлуу-Суудагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Майлуу-Суудагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда мектепте STEM багытындагы – химия, физика, биология, математика, география жана информатикабөлмөлөрүн, китепкана, ошондой эле мектептин кире бериштерин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мектеп имаратынын чатыры толугу менен алмаштырылып жатат. Бүгүнкү күндө жаңы терезелер жеткирилип, аларды орнотуу иштери күтүлүүдө.

Ал эми оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп заманбап эмеректер, видеокөзөмөл системасы жана STEM бөлмөлөрүнө лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү мектеби инновациялык мектеп макамын алган. Инновациялык мектептер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, заманбап окутуу ыкмаларын жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган алдыңкы билим берүү мекемелери болуп саналат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media