МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

2027-жылдын бюджети - киреше 727,3 млрд сом. Бул 2026-жылга караганда 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Салыктык кирешелер - 634 млрд сом.

Социалдык тармакка басым жасалат:

• Билим берүү – 134,2 млрд сом (+45,2 млрд)

• Саламаттык сактоо – 76,4 млрд сом (+21,7 млрд)

• Социалдык коргоо – 47,3 млрд сом (+21,6 млрд)

2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы көп балалуу энелерге "Бала Береке" бир жолку төлөмү берилет. "Бала ырысы" жөлөкпулу жана электр энергиясына 50% компенсация уланат.

Капиталдык курулушка ички булактан 27,8 млрд сом бөлүнөт, анын 17,7 млрд сому Барскоон-Бедел жолуна, 10 млрд сому социалдык, суу, ирригация жана жол объекттерине жумшалат.

Мыйзам долбоору жактырылып, Жогорку Кеңешке киргизүү тапшырылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды