Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө
Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты.
Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат.
Инженердик изилдөөлөр департаменти өлкө аймагында инженердик изилдөөлөрдүн бардык түрүн жүргүзөт.