Ысык-Көл ойдуңунда мөңгүлөрдүн саны 33,7%га кыскарды

Ысык-Көл ойдуңунда мөңгүлөрдүн саны 33,7%га кыскарды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планында белгиленген тапшырмаларды аткаруунун алкагында Ысык-Көл ойдуңунун мөңгүлөрүнүн каталогун толук жаңылады. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Ысык-Көл ойдуңу боюнча мөңгүлөрдүн бирдиктүү жаңыланган инвентаризациясы түзүлүп, анда мөңгүлөрдүн такталган чек аралары, морфометриялык көрсөткүчтөрү жана жаңыланган атрибуттук маалыматтары камтылды.

Каталогду даярдоодо Copernicus программасынын Sentinel-2 спутниктик сүрөттөрү, QGIS геомаалыматтык системасы, Google Earth платформасы, ошондой эле мурдагы инвентаризациялардын жана мөңгүлөр каталогдорунун материалдары колдонулду. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мөңгүлөрдүн чек аралары такталып, бөлүнүп кеткен, жаңы пайда болгон жана толугу менен жок болгон мөңгүлөр аныкталды.

Жаңыланган инвентаризациянын маалыматтарын мурдагы каталогдор менен салыштыруу акыркы 70–90 жыл аралыгында Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 33,7%га кыскарганын көрсөттү. Ал эми акыркы 7–10 жыл ичинде мөңгүлөрдүн аянты дагы 23,1%га азайган. Бул көрсөткүчтөр климаттын өзгөрүшүнүн таасири астында мөңгүлөрдүн деградациясы интенсивдүү жүрүп жатканын айкын далилдейт.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media
2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media