2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзам долбоору каралып жатканда маалымдалды.

Билдирүүгө караганда, кийинки жылы бюджеттен социалдык тармактарга ири суммадагы каражат бөлүнөт.

- Билим берүүгө – 134,2 млрд сом (+45,2 млрд);
- Саламаттык сактоого – 76,4 млрд сом (+21,7 млрд);
- Социалдык коргоого – 47,3 млрд сом (+21,6 млрд).

Инфраструктурага канча каражат кетет?

КабМин төрагасы Адылбек Касымалиев бюджет бүгүнкү маселелерди чечүү менен катар эртеңки экономиканын пайдубалын түптөөгө тийиш экенине токтолуп, бул багытта инвестициялар жана стратегиялык долбоорлор боюнча да ири каражаттар бөлүнөөрүн белгиледи.

Ага ылайык, 2027-жылы капиталдык курулушка ички булактардан 27,8 млрд сом бөлүү каралууда. Анын ичинен:

  • 17,7 млрд сом — Барскоон–Бедел унаа жолуна;
  • 10 млрд сом — социалдык объекттерге, ичүүчү суу, ирригация жана жол инфраструктурасына багытталат.

Социалдык төлөмдөр

2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку төлөмү бериле баштайт. Мындан тышкары, «Бала ырысы» жөлөкпулу жана шарттары катаал бийик тоолуу аймактардагы электр энергиясына 50% компенсация берүү улантылат.

“Президентибиз белгилегендей, мамлекеттин колдоосу биринчи кезекте ага көбүрөөк муктаж болгон үй-бүлөгө жетиши керек”-деди өз сөзүндө Адылбек Касымалиев.

Жыйындын соңунда, Министрлер Кабинети 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңешке киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media