Абаны булгаган унаа айдоочуларына айып пул салынды

Абаны булгаган унаа айдоочуларына айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Сузак райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүлөрү менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүштү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Рейд учурунда 13 автоунаа текшерилип, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы көзөмөлдөндү. Жыйынтыгында бир автоунаадан зыяндуу заттардын нормадан ашык бөлүнүп чыгышы аныкталып, унаа ээсине 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Айдоочуларга экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Атмосфералык абанын тазалыгын сактоо багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 15 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 15 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн жарандары үчүн чек арадан өткөндөн кийин каттоого туруу талаптарын жеңилдетүү боюнча макулдашты. Тиешелүү протокол Ысык-Көлдө Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Жаңы тартипке ылайык, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка өлкөнүн аймагына кирген күндөн тартып 15 күндүн ичинде

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Садыр Жапаров бетме-бет сүйлөшүү учурунда Азербайжандын президентине Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар кыргыз-азербайжан

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжандынмамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.  Президенттик админстрациянын маалыматына ылайык, “Ысык-Көл”эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Эске салсак, буга чеийн Кыргызстанга

ИИМ: Жасалма интеллект менен даярдалган видеолорго алданып калбаңыз

ИИМ: Жасалма интеллект менен даярдалган видеолорго алданып калбаңыз

Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жасалма интеллекттин (AI) жардамы менен даярдалган алдамчылык мүнөздөгү жасалма видеолордун жайылып жатканы тууралуу эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, кылмышкерлер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан жалган маалыматтарды камтыган видеолорду даярдап, интернетке таратууда. ИИМ мындай материалдардын министрликке эч кандай тиешеси жок экенин