ИИМ: Жасалма интеллект менен даярдалган видеолорго алданып калбаңыз

ИИМ: Жасалма интеллект менен даярдалган видеолорго алданып калбаңыз

Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жасалма интеллекттин (AI) жардамы менен даярдалган алдамчылык мүнөздөгү жасалма видеолордун жайылып жатканы тууралуу эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, кылмышкерлер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан жалган маалыматтарды камтыган видеолорду даярдап, интернетке таратууда.

ИИМ мындай материалдардын министрликке эч кандай тиешеси жок экенин жана алардын негизги максаты жарандарды алдоо экенин белгиледи.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды атактуу инсандардын же мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн атынан тараган шектүү видеолорго ишенбөөгө, белгисиз шилтемелерге кирбөөгө жана банктык карталардын реквизиттерин, ырастоо коддорун, жеке маалыматтарын эч кимге бербөөгө чакырды.

Ошондой эле маалыматтын аныктыгын Ички иштер министрлигинин расмий маалымат булактары аркылуу гана текшерүү сунушталды.

Министрлик заманбап технологиялар жасалма видеолорду чыныгыдай кылып көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгилеп, жарандарды ар бир маалыматка сын көз менен мамиле жасап, анын чын-төгүнүн текшерүүгө чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды