Өзбекстандан Кыргызстанга 2 айыл расмий түрдө өткөрүлүүдө

Өзбекстандан Кыргызстанга 2 айыл расмий түрдө өткөрүлүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер аянттарын алмашуунун уюштуруучулук-техникалык маселелерин, анын ичинде алмашылуучу аймактардын жашоочуларынын жарандык макамын аныктоо, аларды көчүрүү, ошондой эле мүлктүк, чарбалык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен жумушчу комиссиясынын кезектеги отуруму 24-июлда Кадамжай районунун аймагында өткөрүлгөн.

Аталган отурумда кабыл алынган чечимдерди жеринде ишке ашыруу жана уюштуруучулук-техникалык маселелерди ыкчам чечүү максатында бүгүн, 2026-жылдын 3-августунда, эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу,элге түшүндүрүү менен өз ишин жүргүзүүдө.

Жумушчу топту президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин миграция жана персоналдаштыруу департаментинин башчысынын орун басары Бехзод Сайфуллаев жетектеп жатышат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган эки айылда болжол менен 2 500 адам жашайт.

Учурда айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки этапта жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарда каралган жол-жоболор ишке ашырылат.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Каныбек Туманбаев транспортту каттоо борборунун ишин текшерди

Каныбек Туманбаев транспортту каттоо борборунун ишин текшерди

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик борбордун директору Тынчбек Саидов жана бөлүм жетекчилери катышкан жыйында жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-кызматтарды кеңейтүү жана санариптештирүүнү тездетүү маселелери каралды. Маалыматка ылайык, кезек

Ишкер Media
“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

Түркия Республикасынын Измир шаарында “COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу” аттуу аймактык семинар болуп, ага КРнын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышып, өлкөлүк тегерек

Ишкер Media
Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15–17-сентябрында Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегациялары Макулдашуунун жана аны ишке ашырууга байланыштуу Административдик макулдашуунун долбоорлорун талкуулоону аякташты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө: -        макулдашуунун колдонуу чөйрөсү жана

Ишкер Media
Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. 2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген. Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын customs.kg сайтында

Ишкер Media