Каныбек Туманбаев транспортту каттоо борборунун ишин текшерди

Каныбек Туманбаев транспортту каттоо борборунун ишин текшерди

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик борбордун директору Тынчбек Саидов жана бөлүм жетекчилери катышкан жыйында жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-кызматтарды кеңейтүү жана санариптештирүүнү тездетүү маселелери каралды.

Маалыматка ылайык, кезек күтүүнү азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт каражатын берүү пландалууда. Ошондой эле чет өлкөдө иштөөнү каалаган айдоочулар үчүн Code 95 талабына ылайык заманбап автодром курулуп жатат. Азыр бул багытта 200дөн ашык арыз түшкөн.

Каныбек Туманбаев экзамендерди ачык-айкын өткөрүү, коррупцияны азайтуу жана бардык жарандарга бирдей шарт түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары борбордун инфраструктурасы жаңыланууда. Бишкекте борбордук аппараттын жаңы имараты курулуп жатат, ал эми жакынкы күндөрү Ошто жаңы автодрому бар аймактык бөлүм ачылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media