Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды.

“Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык менен жогорулайт”, - деди Касымалиев.
Ал Орусиядан жеткирүү мурдагыга караганда татаалдашканын белгиледи. Учурда бийлик бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, альтернативдүү каттамдарды издеп жатат.
Бүгүнкү күндө күйүүчү май Беларустан да келип жатат. Кытайдан алгачкы партия – беш цистерна – жеткирилди.

Мындан тышкары, Кыргызстан Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өзбек тарап импорттолгон чийки мунайды өзүнүн заводдорунда кайра иштеткенден кийин айына болжол менен 20 000 тонна мунай продуктуларын жеткирүүгө даяр.

Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн жеткирүү маселеси каралууда. Бирок мындай каттамдар Каспий деңизи аркылуу жана бир нече өлкөнүн аймагы аркылуу ташууну талап кылат, бул болсо күйүүчү майга кеткен чыгымды олуттуу жогорулатат. 

Өкмөт башчы мамлекет дизелдик отунга, суюлтулган газга жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге бааларды субсидиялайт. Мунун аркасында баалар Өзбекстан жана Тажикстанга караганда болжол менен 20-25 сомго арзан.

Бирок, чыгымдардын жалпы өсүшүн дайыма бюджеттин эсебинен жабуу мүмкүн эмес, анткени бул үчүн миллиарддаган сом талап кылынат.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media