Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл:

ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы;

үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы.

2026-жылы төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөөгө болот.

Белгилей кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда карыздын суммасына мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,09 % өлчөмүндө туум эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду

Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду

2026-жылдын июль айында Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий статистикалык маалыматтарында чагылдырылган. Маалыматка ылайык, агып келген каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Алардан Кыргызстанга 262,1 млн доллар которулган. Анын болжол менен 95%ы Россияга (253,

Ишкер Media
Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди

Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди

Борбор калаада транспорт жана шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаарга кондиционери бар 95 автобус чыкты, 41 акылдуу светофор орнотулду, 20 чакырым тротуар курулду. Транспорттук жол айрыктардын, 1 көпүрөнүн жана 7 жер астындагы өтмөктүн курулушу жүрүп жатат. 156 көчөдө асфальттоо иштери башталса, анын

Ишкер Media
DemirBank ЕРӨБдүн колдоосу менен кредиттик келишимге кол койду

DemirBank ЕРӨБдүн колдоосу менен кредиттик келишимге кол койду

14-сентябрда Бишкек шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) биргелешип каржылоо программасынын алкагында "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол коюлду. DemirBank менен "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсы компаниянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү каржылоону караган өнөктөштүк келишимин түзүштү. Каржылоо "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсынын

Ишкер Media
Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрацисынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы, реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешти. Алар Кыргызстанга жана

Ишкер Media