Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди
Борбор калаада транспорт жана шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаарга кондиционери бар 95 автобус чыкты, 41 акылдуу светофор орнотулду, 20 чакырым тротуар курулду. Транспорттук жол айрыктардын, 1 көпүрөнүн жана 7 жер астындагы өтмөктүн курулушу жүрүп жатат.
156 көчөдө асфальттоо иштери башталса, анын 89 көчөсүндө иштер аяктады.