Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду

Июлда Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулду

2026-жылдын июль айында Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий статистикалык маалыматтарында чагылдырылган.

Маалыматка ылайык, агып келген каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Алардан Кыргызстанга 262,1 млн доллар которулган. Анын болжол менен 95%ы Россияга (253,9 млн) туура келген.

Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга июль айында 17,4 млн доллар которулган.

Ошол эле учурда 2026-жылдын июль айынын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 24,4 млн долларды түздү. Анын ичинен 21,8 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө, ал эми 2,6 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга келген акча которуулардын таза агымы 317,7 млн долларды түзгөн. Быйылкы жети айда акча которуулардын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөгөнү белгиленүүдө.

Көрсөтүлгөн статистика жеке жактардын эл аралык акча которуу системалары аркылуу жиберген каражатты болуп саналат. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча CYBERNOMAD FEST 2026 өтүп жатат

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча CYBERNOMAD FEST 2026 өтүп жатат

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук «CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалы өтүүдө. “Жаштык Аренада” уюштурулган ишчарага - мамлекеттик органдардын, банктар жана каржы уюмдарынын, телекоммуникация жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда. Быйыл фестиваль 700дөн ашуун катышуучуну бир аянтчага чогултту. Фестивалдын алкагында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу

Ишкер Media
Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди

Бишкекте 95 жаңы автобус, 41 акылдуу светофор ишке кирди

Борбор калаада транспорт жана шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаарга кондиционери бар 95 автобус чыкты, 41 акылдуу светофор орнотулду, 20 чакырым тротуар курулду. Транспорттук жол айрыктардын, 1 көпүрөнүн жана 7 жер астындагы өтмөктүн курулушу жүрүп жатат. 156 көчөдө асфальттоо иштери башталса, анын

Ишкер Media
DemirBank ЕРӨБдүн колдоосу менен кредиттик келишимге кол койду

DemirBank ЕРӨБдүн колдоосу менен кредиттик келишимге кол койду

14-сентябрда Бишкек шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) биргелешип каржылоо программасынын алкагында "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол коюлду. DemirBank менен "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсы компаниянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү каржылоону караган өнөктөштүк келишимин түзүштү. Каржылоо "Алтын Тулпар Трейд" ЖЧКсынын

Ишкер Media
Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрацисынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы, реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешти. Алар Кыргызстанга жана

Ишкер Media