Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрацисынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы, реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешти. Алар Кыргызстанга жана Борбордук Азияга кызыгуу өсүп жатканын айтып, биргелешкен долбоорлорго даяр экенин билдиришти.

Президент мыйзамдуулукту чыңдоо, уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу жана коррупцияга каршы күрөшүү чараларына токтолду. Ал 2020-жылдан бери кылмыштуу түзүмдөрдүн таасирин жоюу боюнча ырааттуу иштер жүрүп, бизнес жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы тоо-кен, текстиль, курулуш жана башка тармактарды келечектүү багыт катары атап, америкалык инвестицияны тартууга кызыкдар экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаровго Америка-Кыргыз бизнес кеңеши, StoneX Group жана АКШнын ишкер коомчулугунун атынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүдөгү жетишкендиктери жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылгандыгы үчүн эстелик белги тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media
Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 166 миллион сомду түздү. Курулушту министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөгөн. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары,

Ишкер Media