Ат-Башыдагы таштанды полигону жабылып, башка жерге көчүрүлөт

Ат-Башыдагы таштанды полигону жабылып, башка жерге көчүрүлөт

Ат-Башы районунун аймагындагы бардык таштанды полигондорун экологиялык талаптарга ылайык тартипке келтирүү боюнча кеңири иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жыл соңуна чейин бардык полигондордо рекультивация иштери жүргүзүлүп, жол боюнда жайгашкан Кара-Суу, Кара-Булуң, Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана башка таштанды жайлары жабылып, жаңы белгиленген аймактарга көчүрүлөт.

Учурда Кара-Суу, Кара-Булуң жана Ак-Жар айылдарындагы таштанды полигондорунда рекультивация иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, жаңы жайларга көчүрүү иштери башталган. Ошондой эле Казыбек жана Ача-Кайыңды айылдарында жаңы полигондорду ачуу маселеси райондук комиссия тарабынан каралууда. Мындан ары ар бир таштанды полигону заманбап талаптарга жооп берген шартта уюштурулуп, айланасы тосулуп, видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул мыйзамсыз таштанды төгүүлөрдүн алдын алып, айлана-чөйрөнү коргоого жана санитардык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Рейддин жүрүшүндө Ат-Башы айыл аймагындагы пластик калдыктарын кайра иштетүүчү цехти жаңы жабдуулар менен камсыздап, анын толук кубаттуулукта иштешин камсыз кылуу маселеси да талкууланды. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media