Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды

Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы УТРКнын “Телекүзөт” программасынын редактору Жээбай Каракүчүковго кол салууга шектелген жаранды кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя жарандардын кайрылуусу боюнча тартуу иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Бул факты боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, 1995-жылы туулган Т.Ж. кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 10 жылдан бери курулушу бүтпөгөн турак жайдын маселеси каралды

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды