Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган.

Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Бул факты боюнча кызматкерлер тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чаралар көрүлүүдө.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Каныбек Туманбаев транспортту каттоо борборунун ишин текшерди

Каныбек Туманбаев транспортту каттоо борборунун ишин текшерди

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик борбордун директору Тынчбек Саидов жана бөлүм жетекчилери катышкан жыйында жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-кызматтарды кеңейтүү жана санариптештирүүнү тездетүү маселелери каралды. Маалыматка ылайык, кезек

Ишкер Media
“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

Түркия Республикасынын Измир шаарында “COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу” аттуу аймактык семинар болуп, ага КРнын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышып, өлкөлүк тегерек

Ишкер Media
Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15–17-сентябрында Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегациялары Макулдашуунун жана аны ишке ашырууга байланыштуу Административдик макулдашуунун долбоорлорун талкуулоону аякташты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө: -        макулдашуунун колдонуу чөйрөсү жана

Ишкер Media
Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. 2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген. Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын customs.kg сайтында

Ишкер Media