Таласта Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусу салынды

Таласта Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусу салынды

Талас шаарында жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, ошондой эле судьялар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Эрмат Жумаев улуу ойчул Жусуп Баласагындын "Өлкөнүн тиреги – адилеттикте" деген осуятын эске салып, бүгүнкү күндө да бул принцип өзүнүн маанисин жоготпогонун айтты.

Белгиленгендей, мамлекет башчысы Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан укуктук реформалардын негизги максаты – мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоо жана мамлекеттик институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Таластагы жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу ушул реформалардын иш жүзүндө ишке ашырылып жаткандыгынын дагы бир далили катары бааланды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Трансформатордон май агып, жерди булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды

Трансформатордон май агып, жерди булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда трансформатордон май агып, жер кыртышы булганганы аныкталды. Мыйзам бузгандыгы үчүн жергиликтүү ишканалардын бирине 65 000 сом айып пул салынды. Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнүн булганышына кайдыгер

Ишкер Media
Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт курулуп жатат

Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт курулуп жатат

22-сентябрда мэр Айбек Жунушалиев журналисттер менен бирге Бишкекте курулуп жаткан 40 таштанды сорттоочу пункттун (ТСП) курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымка ылайык, мэр 4-кичи райондогу №22А үйдүн жанындагы пунктту көрдү. Аянты 100 чарчы метр, суу жана канализация системасы бар. Ал жерде контейнерлерди жууп-тазалоого шарт түзүлгөн.

Ишкер Media
"Тазалыкка" 22 жаңы атайын техника тапшырылды

"Тазалыкка" 22 жаңы атайын техника тапшырылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ишканага 22 даана техника берилди: • 11 даана МАЗ таштанды ташуучу унаа • 1 даана "Шумкар" • 5 даана "Хово" • 1 даана "Дамас" • 4 даана "Лабо"

Ишкер Media
"Пайдалуу ОСАГО: DemirBank тиркемесинде гана 30% арзандатуу"

"Пайдалуу ОСАГО: DemirBank тиркемесинде гана 30% арзандатуу"

Эми DemirBank кардарлары банктын мобилдик тиркемеси аркылуу милдеттүү ОСАГО полисин түз ала алышат.  2026-жылдын 1-ноябрына чейин полис толтурууда 30% арзандатуу каралган. Кызмат DemirBank мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.  Камсыздандырууну камсыздандыруу компаниясына барбастан онлайн режиминде толтурса болот. ☝🏻ОСАГОну толтуруу үчүн кардар тиркемедеги "Кызматтар" бөлүмүн ачып, "ОСАГО камсыздандыруусун"

Ишкер Media