Таластын кире беришинде жаңы курулуш долбоорлору ишке ашырылууда

Таластын кире беришинде жаңы курулуш долбоорлору ишке ашырылууда

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өрөөндүн кире бериш аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал туристтер жана меймандар үчүн курулуп жаткан "рест-поинттин" курулушу, арканы жаңылоо жана жарыктандыруу тутумун орнотуу иштерин көрүп чыкты.

Жаңы курулуп жаткан эс алуу жайында жүргүнчүлөр үчүн заманбап кофекана, дүкөн жана электр унааларын кубаттоочу жай каралган.

Ошондой эле облуска кире бериштеги Манас ата эстелиги толук калыбына келтирилип, айланасы жашылдандырылды.

Мындан тышкары, Талды-Булак айылынан Өтмөк ашуусундагы аймакка кире бериштеги аркага чейин 36 чакырым электр чубалгылары тартылып, жалпысынан 750 жарыктандыруу тутумун орнотулары айтылды.

Эрмат Жумаев аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруп, долбоорлордун белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү маанилүү экенин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, учурда казан жана турбиналык жабдууларда пландуу оңдоо жүрүп, станциянын негизги системалары текшерилип жатат. Иштер бекитилген план боюнча жүрүп, алдыдагы кышта ЖЭБдин туруктуу иштешин камсыздоого багытталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Ишкер Media
Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, иштин сапаты министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болгон. Мектеп 3 кабаттуу, аянты 3349 чарчы метр. Ичинде заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана

Ишкер Media
Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Того Республикасынын делегациясы Тамчы атайын финансылык-инвестициялык аймагына барып, анын ишмердүүлүгү жана өзгөчө укуктук-салыктык режими менен таанышты. Делегацияны Инвестицияларды илгерилетүү, өнөр жай жана экономикалык эгемендүүлүк боюнча министр-делегат Артур Лилас Тримуа жетектеди. Делегациянын курамында парламенттин мүчөсү, Экономикалык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Мавусси Джоссу Семонджи, сенатор, Каржы маселелери боюнча комитеттин

Ишкер Media
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы ушул күнү кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Быйыл ага 37 жыл толду. Бул күн жыл сайын улуттук тилдин баркын даңазалап, аны сактоо жана өнүктүрүү максатында белгиленип келет. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

Ишкер Media