23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы ушул күнү кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Быйыл ага 37 жыл толду. Бул күн жыл сайын улуттук тилдин баркын даңазалап, аны сактоо жана өнүктүрүү максатында белгиленип келет.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Улутубуздун руханий өзөгү, ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас – кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл толду.
Бул күн – элибиздин улуттук аң-сезимин, тарыхый эс тутумун жана руханий мурастарын сактап келген кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалаган маанилүү дата. Тил – ата-бабалардан калган ыйык мурас, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги баалуулугу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекемделип, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулуп келе жаткандыгы биздин ири жетишкендиктерибиздин бири. Аны сактоо, кадырлоо жана заман талабына ылайык өнүктүрүү – азыркы учурдун тарыхый жоопкерчилиги.

Урматтуу замандаштар!

Бүгүнкү милдет – эне тилибизди сактап калуу менен гана чектелбестен, аны заман талабына ылайык өнүктүрүп, билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" Жарлыгында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилиши өлкөнүн өнүгүү стратегиясындагы анын маанилүү ордун тастыктап турат.

Ушул багытта мамлекеттик тилдин укуктук жана институционалдык негиздерин чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, тил мыйзамдарын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүүгө багытталган бир топ иштер аткарылууда. Мындай иштер мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдеп, анын күнүмдүк жашоодо жана кесиптик ишмердикте колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Бүгүнкү күндө тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири – кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү. Жаңы технологиялардын кеңири жайылышы мамлекеттик тилибизди заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына айландыруу, ошондой эле илимий жана технологиялык ресурсу катары пайдалануу болуп саналат.
Бул багытта кыргыз тилин үйрөнүүгө жана колдонууга багытталган электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилип, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Урматтуу мекендештер!
Чындыгында эле, кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж болуп турган чагы. Андыктан баарыңыздарды Айкөл Манас атабыздын тилин таза сактоого, сабаттуу колдонууга жана өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга чакырам.

Кыргыз тили – улуттун үнү, мамлекеттин өзөгү жана келечек муунга калтыра турган эң улуу мурасыбыз.
Мамлекеттик тил майрамыңыздар кут болсун!"

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media