Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузууларга 3 млн сомго жакын айып салынды

Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузууларга 3 млн сомго жакын айып салынды

Ысык-Көл облусунда 1-июндан 1-августка чейин жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 185 административдик протокол түзүлүп, 2 млн 94 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, эс алуу жайлары, туристтик объектилер жана башка чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн аймактар көзөмөлгө алынды.

Мындан тышкары, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 57 административдик протокол түзүлүп, 818 миң сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлдү.

Балык ресурстарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан дагы 17 административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом айып салынган. Ошондой эле суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 4 миң 40 сом өлчөмүндө доо коюлган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Түркияда өлкөнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланды

Түркияда өлкөнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланды

Бүгүн Түркиянын Измир шаарында "COP31ге карай: суу – азык-түлүк – климат" аттуу аймактык семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, семинарда Кыргызстандын Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев баяндама жасады. Ал Кыргызстан үчүн суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшү тыгыз байланышта экенин белгиледи.

Ишкер Media
Таласта курулуш эрежесин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Таласта курулуш эрежесин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Таласта курулуш объектилерине көзөмөл уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас башкармалыгы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы "Таза-Суу" объектисин текшерген. Текшерүүдө курулуш ченемдери жана талаптар сакталбаганы аныкталган. Натыйжада иш жүргүзүп жаткан "Проджэк" ЖЧКга 200 миң сом айып пул

Ишкер Media
Токтогул ГЭСте 3 гидрогенератор оңдолуп жатат

Токтогул ГЭСте 3 гидрогенератор оңдолуп жатат

Токтогул ГЭСте 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, станцияда Г-1, Г-2 жана Г-4 гидрогенераторлорунда учурдагы оңдоо иштери жүрүүдө. №1 гидроагрегат 14-19-сентябрда оңдолуп бүтсө, №4 агрегат 21-26-сентябрда оңдолот. Ошондой эле 500 кВ шиналардын I

Ишкер Media
Электр чыгырыктар жана велосипеддер тыгынга каршы: эмне үчүн бишкектиктер жеке мобилдүүлүктү тандашат

Электр чыгырыктар жана велосипеддер тыгынга каршы: эмне үчүн бишкектиктер жеке мобилдүүлүктү тандашат

Акыркы жылдары Бишкектин көчөлөрүндө электр чыгырык, велосипед жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарынын саны өсуп жатат. Көпчүлук тургундар үчүн бул шаар ичинде, айрыкча жолдор тыгынга толгон кезде, тезирээк жүрүүнүн бир жолу болуп эсептелет. Ошол эле учурда шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттарына чектөөлөр киргизилди: 2026-жылы уруксат берилген эң жогорку ылдамдык 25тен 15

Ишкер Media