Токтогул ГЭСте 3 гидрогенератор оңдолуп жатат
Токтогул ГЭСте 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, станцияда Г-1, Г-2 жана Г-4 гидрогенераторлорунда учурдагы оңдоо иштери жүрүүдө. №1 гидроагрегат 14-19-сентябрда оңдолуп бүтсө, №4 агрегат 21-26-сентябрда оңдолот.
Ошондой эле 500 кВ шиналардын I жана II секцияларын оңдоо аяктады. Адистер релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн текшерип, профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Даярдык иштери бекитилген график боюнча уланууда.