Таласта курулуш эрежесин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Таласта курулуш эрежесин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Таласта курулуш объектилерине көзөмөл уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас башкармалыгы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы "Таза-Суу" объектисин текшерген.

Текшерүүдө курулуш ченемдери жана талаптар сакталбаганы аныкталган. Натыйжада иш жүргүзүп жаткан "Проджэк" ЖЧКга 200 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Ишкерлер күнүнүн урматына карата уюштурулуп, ардак грамотаны КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Яндекс Кыргызстандын GR-директору Азамат Буржуевге тапшырды. Ишкерлерге кайрылган сөзүндө Беназир Нурланова бизнес-сектордун маанилүүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат

Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана америкалык “Wabtec” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Жолугушууда Мамлекет башчысы АКШны көз карандысыздыгынын

Ишкер Media
Түркияда өлкөнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланды

Түркияда өлкөнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланды

Бүгүн Түркиянын Измир шаарында "COP31ге карай: суу – азык-түлүк – климат" аттуу аймактык семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, семинарда Кыргызстандын Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев баяндама жасады. Ал Кыргызстан үчүн суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшү тыгыз байланышта экенин белгиледи.

Ишкер Media
Токтогул ГЭСте 3 гидрогенератор оңдолуп жатат

Токтогул ГЭСте 3 гидрогенератор оңдолуп жатат

Токтогул ГЭСте 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, станцияда Г-1, Г-2 жана Г-4 гидрогенераторлорунда учурдагы оңдоо иштери жүрүүдө. №1 гидроагрегат 14-19-сентябрда оңдолуп бүтсө, №4 агрегат 21-26-сентябрда оңдолот. Ошондой эле 500 кВ шиналардын I

Ишкер Media