Автобустун айдоочусу эки өспүрүмдү сүзүп алган жол кырсыгы иликтенүүдө
Борбор калаада 11-августта болжол менен саат 09:00дө Юлиус Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, №153 каттамдагы "Isuzu Citiport" автобусунун айдоочусу Фучик көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, "Аска-Таш" комплексине жетпей, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 15–16 жаштардагы эки өспүрүм кызды сүзүп алган.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабыркаган өспүрүмдөрдү №3 балдар ооруканасына жеткиришкен. Кыздар оор жаракат алышкан эмес.
Жол кырсыгы Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында жана камсыздандыруу компаниясында катталган.
Учурда жол кырсыгынын себептери жана жагдайлары аныктоо үчүн тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.