Араванда пахта терүү башталды

Араванда пахта терүү башталды

Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо башталды. Быйыл райондо 1 252 гектарга пахта айдалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык "Элита" сорту өстүрүлүүдө.

Пахта өндүрүүдө тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологиялар колдонулуп жатат. Түшүм жыйноодо комбайндар пайдаланылып, бул дыйкандар үчүн экономикалык жактан үнөмдүү болууда.

Жыйналган пахта жергиликтүү кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлүп, негизинен Кытай, Иран, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Пахтанын баасы дүйнөлүк биржадагы бааларга жараша аныкталат.

Айыл чарба министрлиги пахта өндүрүүчүлөрдү колдоо жана заманбап технологияларды жайылтуу иштерин улантууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media
“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

Бүгүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2027-жылдын 27-январына дайындалган КРнын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады. Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна

Ишкер Media
Боршайком КРнын Президентин шайлоону өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитти

Боршайком КРнын Президентин шайлоону өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы КРнын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 200 000,0 миң сомду болду. Боршайкомдун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн сумманын - 646 560,0 миң сом 2026-жылга, ал эми 553 440,0 миң сом 2027-жылга каралган. Конституциялык мыйзамынын 56-беренесине ылайык

Ишкер Media