Кадамжайдагы "Жаштык" кинотеатрында заманбап шарттар түзүлөт

Кадамжайдагы "Жаштык" кинотеатрында заманбап шарттар түзүлөт

Кадамжай шаарындагы "Жаштык" кинотеатрында оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик админстрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имаратты заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жергиликтүү адистер менен биргеликте иштердин сапатын жана аткарылышын текшерип, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин "Жаштык" кинотеатры эл көп каттаган маданий жайлардын бирине айланары күтүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Калкагар айылында Н.Садыков атындагы 150 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда мектептин чатыры жабылып, сырткы шыбак иштери толугу менен

Дүйнөлүк мааниге ээ Мадыген аймагына арналган эл аралык иш-чара өтүп жатат

Дүйнөлүк мааниге ээ Мадыген аймагына арналган эл аралык иш-чара өтүп жатат

11-августта Баткен облусунда "Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч" аттуу эл аралык талаа симпозиуму өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, симпозиумда Мадыгендин дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын уникалдуу табигый мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Симпозиумга Баткен облусунун жетекчилигинин, мамлекеттик мекемелердин

Бишкекте абаны булгаган унаалар текшерилип, 22,5 миң сом айып салынды

Бишкекте абаны булгаган унаалар текшерилип, 22,5 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында автоунаалардан чыккан булгоочу заттардын атмосфералык абага тийгизген таасирин аныктоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун

Автобустун айдоочусу эки өспүрүмдү сүзүп алган жол кырсыгы иликтенүүдө

Автобустун айдоочусу эки өспүрүмдү сүзүп алган жол кырсыгы иликтенүүдө

Борбор калаада 11-августта болжол менен саат 09:00дө Юлиус Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, №153 каттамдагы "Isuzu Citiport" автобусунун айдоочусу Фучик көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, "Аска-Таш" комплексине жетпей, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара