Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө суунун булганышынын себептери, дарыянын экологиялык абалы жана анын жергиликтүү тургундарга тийгизиши мүмкүн болгон таасири талкууланды.

Район башчысы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана суу ресурстарынын тазалыгын сактоо маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

Алардын арасында суу булганып жаткан булактарды тез арада аныктоо жана бөгөт коюу, санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө, ошондой эле кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам чараларды көрүү милдеттери бар.

Чили-Сай дарыясынын булганышына байланыштуу маселе Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жеке көзөмөлүнө алынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media