Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Облус башчысы жаңы мектеп Баткен шаарындагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошорун белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү зарылдыгын айтты.

Жаңы мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлөт. Мектептин курулушу Кызыл-Жол аймагындагы балдар үчүн ыңгайлуу билим берүү шарттарын камсыз кылууга багытталган.

 

Мындан тышкары окуңуз

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Игорь Краснов Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жогорку даражалуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Медербек Сатыев тосуп алды. Тосуп алууга ошондой эле төраганын орун басары Шералы Камчыбеков, кеңешчи Руслан

Ишкер Media
РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү

Ишкер Media
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Американын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын максаты - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышуу. Спутник SpaceX компаниясынын ракетасы менен орбитага чыгарылат. Мамлекет башчысын аэропорттон SpaceXтин глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media