Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Игорь Краснов Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жогорку даражалуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Медербек Сатыев тосуп алды. Тосуп алууга ошондой эле төраганын орун басары Шералы Камчыбеков, кеңешчи Руслан Мырзалимов жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов катышты.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн сот жетекчилери Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскеришти.

Андан соң Мамлекеттик резиденцияда эки тараптуу жолугушуу өттү. Анда сот өндүрүшүндө тажрыйба алмашуу жана байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле төрагалар "Сот тутумунун көз карандысыздыгын жана аброюн чыңдоонун укуктук маселелери" аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Конференцияда Медербек Сатыев соттун көз карандысыздыгы укуктук, финансылык жана санариптик жактан камсыздалышы керектигин белгиледи.

Ал эми Игорь Краснов киберкылмыштуулук, жасалма интеллектти мыйзамсыз пайдалануу жана дипфейктер сыяктуу жаңы коркунучтарга каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн сотторунун диалогу өзгөчө баалуу экенин айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Медербек Сатыев менен Игорь Краснов кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту. Документ сот адилеттигин өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган.

Мындан тышкары, Сот адилеттиги жогорку мектеби менен В.М. Лебедев атындагы Орусия мамлекеттик сот адилеттиги университети билим берүү жана илимий кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media