“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда. Тергөө иштеринин алкагында окуянын бардык жагдайлары, ошондой эле өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталууда.

Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Мындан аркы төлөмдөр жана компенсациялар маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин каралат.


Эске салсак, 30-августта Бишкектеги “Мадина” базарынын аймагында өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алгач базардагы контейнер күйгөн жана башка жактарга жайылган.  

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media